Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛГАН ТИЛКЕ – эларалык келишим же ички мамлекеттик акты боюнча, аскердик курулуштар бузулуп, аскер күчтөрүн кармоого тыюу салынган мамлекеттик аймактын бир бөлүгү. Эреже катары, жоолашуусу мүмкүн болгон тараптарды ажыратып туруу үчүн колдонулат (м., 1919-жылдагы Версаль тынчтык келишими боюнча түзүлгөн Рейн А. а. т-си).